Ноокатта БУУнун колдоосу менен бирдиктүү терезе ишке кирди
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Ноокат шаарында БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын колдоосу менен бирдиктүү терезе ишке кирди. Максаты - коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузууларды болтурбоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен эртелеп никеге тургузуунун алдын-алуу. 

Мында, жарандар тарабынан түшкөн арыз-кайрылууларга ыкчам аракеттер көрүлүп, бардык тийиштүү кызматтарга бир эле учурда маалыматтар жеткирилет. 2003-жылы шаар макамын алган Ноокатта азыркы тапта 16 миңдей калк жашайт.