Ош облусунда жер титирөө катталды
Новость www

POST1RIGHT

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн таңкы бешке жакын жер титирөө Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Кашкар-Кыштак, Нариман, Кара-Суу айылдарында 3,5 баллга, Мады, Каратай, Кызыл-Ордо айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга чейин сезилген. 

Алдын ала маалыматка ылайык жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.