Өзгөндө ташты кайра иштеткен цех ишке кирди. Мында травертин аталышындагы сары таш иштетилет. Жайдын ээси буга чейин мындай чакан заводдон экөөнү иштетип келгенин айтат. Үчүнчү ишкананы түптөө үчүн ишкер Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 380 миң доллар насыя алган.
Натыйжада, аймакта кошумча 10 жумуш оруну түзүлдү. Травертин ташы Өзбекстан, Казакстан мамлекеттерине экспорттолот. 3 ишканадан суткасына 1000 чарчы метр продукция даярдалат. Керектелүүчү сырьё райондун Жалпак-Таш аймагынан ташылып келинет. Бүгүнкү күндө Өзгөн районунда травертин ташын кайра иштеткен 10дой ишкана бар.
"Бизде баары онлайн режиминде иштейт. Салыкты өз учурунда төлөп турабыз. Сатууда маселе жок",- деди ишкер Таалайбек Акматалиева.