POST1RIGHT
Ноокат районунда заманбап шарттагы ветеринардык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн имараты курулуп, сентябрда пайдаланууга берилет. Ал бүткөрүлсө, жаңы төрт жумуш оруну түзүлөт. Ветсервисте мал уруктандыруу, кой кыркуу, мал дарылоо жана дары-дармектерди сатуу кызматтары көрсөтүлөт.
Курулушка жалпы 2 млн 700 миң сом сарпталган. Мунун 1,5 миллиону АРИС программасы аркылуу каржыланган. Анын 1 млн 200 миңи жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Ветсервис, райондогу 3 чоң айыл өкмөттүн: Мирмахмудов, Зулпуев, Кара-Таш айыл аймагынын малчыларына кызмат көрсөтөт. Мында, такай төрт адис иштейт. Мирмахмудов айыл аймагынын өзүндө эле, 6 миң 400 ири мүйүздүү мал, 15 миңден ашуун майда жандык каттоодо турат.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, факт Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси "Пара талап кылуу" боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндөрүш иштери башталды. Кармалгандар УКМКнын Тергөө абагына камалды.