POST1RIGHT
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарына жумуш сапарынын жүрүшүндө Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн иши менен таанышты.
Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев «Бирдиктүү терезе» тутумунун иштөө системасын тааныштырды. Бөлүм жарандардын арыздарын кабыл алат. «Бирдиктүү терезе» тутуму өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин борборлоштурулган программасына кошулган.
«Бюрократиялык процедуралар убакыттан уттуруп, жарандардын нааразычылыктарына алып келет. Карапайым жарандар, ишкерлер кандайдыр бир документтерди алууда ыңгайсыздыктарды сезбөөгө тийиш. Буга мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик органдар тарабынан көп иштер багытталган»,- деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.