Казак бийлиги жана мобилдик операторлор учурда телефондорун каттоодон өткөрбөй, аларды жеке идентификациялык номурларына байланыштырбаган абоненттердин мобилдик байланыштары өчүрүлүп жатканын маалымдады. Өкмөт жана мобилдик операторлор казакстандыктарга мобилдик телефондордун IMEI-коддорун каттатуу тууралуу бир нече жолу эскертүү берилгенин, мөөнөт 1-январда эле аягына чыкканын маалымдады.
Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, учурда Нур-Султанда ондогон абоненттер каттоодон өтүү үчүн кезекте турат. Быйыл жаңы телефон алган абоненттер аппараттарынын IMEI-коддорун каттата элек болсо, мобилдик операторлорго кайрылып, же SMS- билдирүү жөнөтүшү керек.
Жарандык жеке идентификациялык номур менен байланыштырылган аппарат абоненттин атына берилген SIM-карталар менен гана иштейт. Кошумча каттоо жана калктын маалыматтарын бир базага топтоо зарылдыгын казак бийлиги телефон уурдоо учурлары көп кездешип жатканы менен түшүндүрүүдө.