Таза суу маселеси чечилди
Новость

POST1RIGHT

Жыл башынан бери Ош шаарында, 4 объектиде таза суу менен камсыз кылуу жумуштары жүрүп жатат. Иш сапаттуу, көп жылдык кепилдиги менен жүрүп жатканын адистер билдиришти. 

Жакынкы аралыкта пайдаланууга бериле турган объектилердин бири союздун тушунан бери таза сууга чаңкап келген Төлөйкөн айылындагылар үчүн курулган. Ага жергиликтүү бюджеттен 24 млн 700 миң сом бөлүнгөн.