Талас: селдин алдын алуу аракеттери
Новость

Таласта быйыл 11 объектте суу ташкындарынын алдын алуу боюнча атайын иштер жүргүзүлүүдө. Бардык иштер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таластагы башкармалыгынын жетектөөсү менен ишке ашууда. Ушул тапта Шадыкан айылындагы 500 гектар аянттагы сел кооптулугунан сактоо аракеттери колго алынган.