Таластагы «3-каналдын» имаратынан чыккан өрт иликтенүүдө. Ал кылмыштарды иликтөөнүн бирдиктүү реестрине катталып, күч органдары тарабынан тиешелүү иштер жүрүп жатат. Бул жөнүндө Талас облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
Эске салсак, 7-июнь күнү таңга маал Талас шаарында жайгашкан «3-канал» аталышындагы жеке телеканалдын имаратынан өрт чыккан. Жеринде жүргөн иликтөөнүн биринчи көрсөткүчү боюнча имараттын кеңсесинин терезеси атайын талкаланып, ичине күйүүчү аралашмасы бар бөтөлкө ыргытылганы айтылган.
Телеканалдын кызматкерлеринин айтымында, болжол менен бул окуя 10-15 миң доллардай чыгым жаратты. Аталган канал Таластагы жалгыз жеке телеканал катары 2017-жылдан бери эфирге чыгып келе жатат.
"Биз азыр иликтеп жатабыз. Жалпы чыгымдар 300 миңдей болду деп болжолдоп жатабыз, дагы иликтеп эсептеп көрөбүз. Бул атайын жасалган иш болду",- дейт "3-каналдын" аткаруучу директору Талант Калилов.