Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура районундагы филиалына келгендердин аягы үзүлбөйт. Бул жердеги бирдиктүү терезе аркылуу ар бир жаран өзүнө катталган мүлкүн жана ага болгон тастыктаманы ала алат.
Ал эми Кара-Буура районунун акими айыл өкмөт башчылары менен күнүмдүк жыйынды онлайн өткөрүүдө.
Райондук администрациядагы бул бөлмөдө Е-кызматына катталуу аяктап калды. Анда кызматкерлер тууралуу бардык маалыматтар атайын базага түшүрүлдү. Мекемени санариптештирүүгө өткөрүүнүн кийинки этабына даярдыктар болуп жатат. Экинчи кадамда мындагы кызматкерлер аткара турган иштердин электрондук жүгүртмөсү түзүлөт.
Эми Кара-Буурада жакынкы күндөрү санариптешкен почта, жарандык каттоо, паспорт берүү бөлүмдөрү бир имаратка жайгаштырылат. Ал эми мектептерде электрондук журналдар ишке аша баштайт.