15-июлдан тарта Баткен облусунда кафе, ресторандардын, тамактануу жайларынын жана ашканалардын ишине тыюу салынды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мындай чечим коронавируска каршы күрөшүү боюнча аймактык штабдын кезектеги отурумунда кабыл алынды.
Мындан тышкары, 14-июлдан тарта аймактагы райондор аралык жана шаарлар аралык коомдук транспорттун иши токтотулган.