Ысык-Көл облусунун "Лекарь" дарыкана түйүндөрүнө «Азитромицин» дарысы алынып келди.
700 таңгак дары алынып келгени тууралуу облустун ыкчам штабы билдирди.
Белгилеп кетсек, облустун штабынын чечимине ылайык, “Азитромицин” жана “Гепарин” дарылары дарыгердин дайындамасы менен берилет жана бир адам бир таңгакты гана ала алат. Ар бир дарыканага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкери бекитилип, ал сатылган дарыларды каттайт.
Дарыкана пунктарынын даректери:
Каракол ш, дарыкана №47, Токтогул/Абдрахманов көчөлөрү;
Каракол ш, дарыкана №50 Токтогул көч 116;
Каракол ш, дарыкана №61 Токтогул көч 263 кв. 21;
Каракол ш, дарыкана №70 Айдаш көч 47;
Каракол ш, дарыкана №75 Токтогул көч 106/4;
Балыкчы ш, дарыкана №42 Абдрахманов көч;
Балыкчы ш, дарыкана №53 Курмашев көч 55;
Бөкөнбаев айылы, дарыкана №54 Ленин көч 79/1;
Бөкөнбаев айылы дарыкана №57 Б.Мамбетов көч;
Кызыл-Суу айылы дарыкана №69 Манас көч 109.
Дарынын таңгагы 110 сомдон сатылат.