Ошто дезинфекциялоо иштери уланууда
Новость

Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Ош облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 16-июль күнү ӨКМдин райондук бөлүмдөрү тарабынан коронавирус илдетин алдын алуу боюнча залалсыздандыруу иш-чаралары жүргүзүлдү. 

Өзгөн, Ноокат Чон-Алай Кара-Суу жана Кара-Кулжа райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүн куткаруучулары кол менен чачуучу аппарат менен дүкөндөрдө жана мекеме ишканаларда, эл көп чогулган жерлерде дезинфекциялоо иштерин жүргүздү. 

Ошондой эле, Ош шаарында ички чарбалык жолдорунда, банк, дарыкана, мекеме ишканаларда жана кичи базарларда залалсыздандыруу иштери уланууда. Мындан сырткары катуу үн чыгаруучу аппараттын жардамы менен илдетке каршы түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.