Жалал-Абад облусунда үй шартында дарыланып жаткандар дарыгерлердин жана милициянын көзөмөлүндө болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпы 29 миң 199 адам үй карантинине алынган.
Анын ичинен 28 миң 3 жаран үй карантининен чыгарылып, учурда 1 миң 196 бейтап үй шартында дарылануусун улантууда. Алардын сыртка чыгып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн милициянын участкалык инспекторлору үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен биргеликте көзөмөлгө алууда.
Санитардык норманын сакталышы боюнча облус аймагында тиешелүү кызматтар менен бирге жалпы 238 мамлекеттик мекеме текшерилди. Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан эл арасында түшүндүрүү иштери уланууда. Ошондой эле, аталган аймакта жайгашкан 1970 жеке ишкана, соода түйүндөрү, базарлар текшерилди.
Жыйынтыгында тийиштүү талаптарды аткарбагандарга протоколдор толтурулуп, 77 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салынды. Булл иш-чараларга Жалал-Абад облустук милициясынан 303 кызматкер, 20 автоунаа тартылган.