Ош шаардык ооруканасына жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш алып барган компания залалсыздандыруучу туннель орнотуп берди.
Компаниянын жетекчилигинин айтымында кыйын кырдаал учурда эл керегине жарап, жардамга кол сунуу зарыл.
"Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан жарандарга ар тараптан колдоолор болуп жатат. Карантиг учурунда медицина кызматкерлерине жана күч кызматкерлерине ташууга атайын кичи автобустар бөлүнүп, ал эми учурда дезинфекциялоо үчүн ооруканага атайын туннель орнотуп бердик. Азыркы тапта кайдыгер карабай биргеликте жарандар үчүн кызмат кылып, илдетти жеңип чыгуу зарылчылыгы турат",- деди "Аман-Транс" ЖЧКсынын башчысы Алмазбек Аман уулу.
Саламаттык сактоонун Ош шаары боюнча координатору Кыялбек Ташполот өз кезегинде жүргүнчүлөрдү ташып жаткан кичи автобустардын айдоочуларына жана жетекчилерине ыраазычылык билдирди.