Талас: кызыл зонада иштеген дарыгерлерге кошумча акы төлөндү
Новость KTRK/videograp

Талас облусунда медициналык кызматкерлерге күнүнө төлөнүүчү кошумча эмгек акылар төлөнүп берилди. Кызыл зонада иштеген ар бир дарыгерге күнүнө 2300 сом, медайымга 2000 сом жана санитардык медкызматкерге 1800 сом эмгек акы айлыктарына кошулуп берилди. 

Учурда медкызматкерлер обсервациядан чыгышып, кайра өз кезеги менен кызматтарына киришип жатат. Дарыгерлердин айтымында Талас облусуна таажы илдети кечирээк жеткендиктен башка облустардан тажрыйба алууга үлгүрүштү. 

Кызыл зонада иштеген медициналык кызматкерлер зарыл болгон дары-дармектер менен камсыздалган.