Ноокат районунун Көк-Жар айылына 100 орундуу оорукана курууга тендер жарыяланды - Кыргызстан жанылыктары
Новость KTRK/videograp

Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин Ош облусундагы капиталдык курулуш башкармалыгы Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы 100 орундуу оорукананы курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин порталына чыккан. 

Маалыматка караганда, оорукана бир нөөмөттө 100 кишини кабыл алууга ылайыкташып, бейтапканасы менен кошо салынат. Анын курулушу 207 млн 44 миң сомго бааланууда. Сынакка катышуучулар арызды 1-сентябрга чейин бериши керек.