Нарын шаарында жугуштуу оорулар ооруканасы курулууда - Кыргызстан жаңылыктары
Новость www

Нарын шаарындагы эксперименттик тез тургузулган жаңы жугуштуу оорукананын курулуш иштери толук кандуу жүрүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 

Бүгүнкү күндө объект боюнча пайдубалдын траншеясын казуу иштери 75%га, шагыл менен тыгыздоо - 65% жана пайдубал куюу иштери 23%га аткарылган. 

Белгилей кетсек, объектинин жалпы аянты 2 миң 19 чарчы метрди түзөт. Бардыгы болуп ишке 50 жумушчу жана 7 атайын техника тартылган.