Кыргыз темир жолунун ооруканасында кадимки тартипте иш башталды
Новость KTRK/videograp

Кыргыз темир жолунун ооруканасы кадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, азыркы учурда оорукана кадимки тартипте иштеп, мекеменин багытына туура келген бардык бейтаптарды кабыл ала баштады. Белгилей кетсек, 15-августта бейтапкананын эмгек жамааты COVID-19 илдетинен сакайган акыркы жаранды үйүнө салтанаттуу түрдө узатышкан. 

Курагы 80ге келип калган апа дарыгерлердин жардамы менен илдетти жеңип чыккан. Ал COVID-19 илдетине кабылып, эки тараптуу пневмония болгону аныкталган.