Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарында тазалоо иштери жүргүзүлдү
Новость KTRK/videograp

Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарында бардык көчөлөрдөгү аялдамалар ар кандай көрнөк-жарнактардан тазаланды. 

Ишембиликтин алкагында шаардык курулуш ишканаларынын кызматкерлери Масалиев, Ленин, Курманжан Датка, Гапар Айтиев, Көкүмбий көчөлөрүн жана Амир Тимур, Туран кичи райондорундагы аялдамаларды иретке келтиришти. Ош шаарында 200дөн ашык аялдама бар. Алардын айланасын тазалоого жакын жашаган шаар тургундары да активдүү катышты.