Маданият министри Таластагы петроглифтердин корголушун көзөмөлдөө үчүн барды
Новость www

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылына  аталган аймактагы таш бетине тартылган сүрөттөр жайгашкан жерге барып (петроглифтер), анын корголушун көзөмөлгө алуу үчүн барды.

Туюк-Төр петроглифтери Көпүрө-Базар айылындагы Каракол капчыгайында жайгашкан. Бул объект жакынкы жылдары табылган.

Маданий- тарыхый эстеликти сактап калуу жана коргоону жакшыртуу үчүн бул аска таш бетиндеги сүрөттөрдүн макамын аныктоо зарыл экендиги айтылды.

“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга ылайык, өлкө аймагында табылган, тарыхый дөөлөттөргө ээ болгон кенчтер, археологиялык табылгалар мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

Талас облусунда аска-таш беттерине тартылган белгилүү эстеликтердин катарына Үр-Марал, Жалтырак-Таш, Чийим-Таш жана Кең-Кол петроглифтери кирет.

Муну менен катар, министр Талас районундагы Ак- Дөбө археологиялык эстелигине жана Бакай- Ата районундагы Күмүштак жергесиндеги тарыхый- маданий мурас объектилери менен жеринен таанышат.