Кочкор районунун Мантыш айылында социалдык шаарчанын курулушу башталды
Новость www

Кочкор районунун Мантыш айылында жакын арада аз камсыз болгон 30 үй-бүлө жаңы үй менен камсыз болуп, мындан сырткары 50 адам жаңы жумуш оруну менен камсыз болот. Бүгүн айылда Катар кайрымдуулук фондунун колдоосу менен жаны социалдык шаарчанын курулушу башталды. 

Ал өзүнө 30 үй-бүлөгө ылайыкталган турак жайды, мектеп, мечит, мындан сырткары тигүүчү цех, ФАП, бала бакча, сейил бак жана спорт аянтчасы сыяктуу бир катар социалдык мекемелерди камтыйт. Иш-чарага президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров катышып, жергиликтүү эл менен жолугушуп, алардын бир катар суроолоруна жооп берди.