Таластагы "Жерүй" кенинде алтын ылгоочу ишкана сыноодон өтүүдө. Бардык иш автоматташтырылган. Завод толук ишке кирсе, жылына 1 млн 300 миң тонна руданы иштете алат. Мында учурда 200гө жакын адам жумуш менен камсыз болгон. Алардын 70 пайызын жергиликтүүлөр түзөт.
"Жерүй" кениндеги алтын ылгоочу заводдун ишин башкаруучу бөлмөдөгү аппараттар ишканадагы ар бир кыймылды көзөмөлгө алат. Жанат Атагелдиев мурда банк кызматкери болчу. Ал кесибин алмаштырып, Тоо-кен технологиялары жогорку окуу жайын аяктары менен бул жерге ишке орношкон. Катардагы жумушчудан тартып башкы көзөмөлдөөчү кызматка жетти. Айтымында, бир катар сынактардан өткөн.
www