Мамлекеттик туу күнү жана улуттук баш кийим ак калпакты даңазалаган салтанат Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында жогорку деңгээлде белгиленди. Башына ак калпак кийип, колдоруна байрактарын желбиреткен мектеп окуучулары менен жогорку окуу жайдын студенттери борбордук көчөлөрдө жүрүш жасашты.