Борбордук аянтта шаар тургундары, жаштар, мекеме-ишканалардын жамааттары жана облус жетекчилеринин катышуусунда майрамдык иш-чара уюштурулуп, анда эгемендүүлүктүн символу болгон тууну даңазалаган куттуктоолор айтылып, концерттик программа коюлду.
Туу күнүнүн урматына бул өндүү саамалыктар облустун бардык райондорунда өтүп, мектептерде патриоттук сабактары уюшулду.