Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 9-10-октябрда болуп өткөн Тажикстан Республикасына болгон иш сапары аяктады.
Сапардын биринчи күнүндө Президент Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында жолугушуу өткөрдү.
Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки жактуу күн тартибиндеги маселелерди, ошондой эле ар кандай тармактарда мындан аркы өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты.
Андан соң лидерлер "Борбор Азия – Россия" экинчи саммитине катышышты. Мамлекет башчысы Борбор Азия өлкөлөрү жана Россия Кыргызстандын негизги өнөктөштөрү бойдон кала берерин жана бул формат ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн маанилүү курал болуп саналарын баса көрсөттү.
Андан соң Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун атынан жогорку даражалуу коноктордун урматына кабыл алуу уюштурулду. Ага чейин лидерлер Өкмөттүк резиденциянын аймагында кыска убакыт сейилдешти.
Сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү. Ал Шериктештик өлкөлөрүндөгү социалдык-экономикалык абалды туруктуу чыңдоого көңүл бурду. Бул негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн, инфраструктуранын өнүгүшүн жана аймактын инвестициялык жагымдуулугунун жогорулашын көрсөтүп турат.
Тар курамдагы жыйындан кийин лидерлер жолугушууну кеңейтилген курамда улантышты, анын жыйынтыгында документтердин топтомуна кол коюлду.
Тажикстанга болгон иш сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров 10-октябрда Бишкек шаарына кайтты.