Баетов айылындагы “Адилет” сейил багы толук реконструкцияланат. Бул үчүн 147 миллион сом жумшалып, зарыл болгон шарттар түзүлөт.
Бүгүн, 23-октябрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ак-Талаа районунда болгон иш сапарында сейил бактын ичине салына турган спорт комплекстин курулушуна мезгил кутусун салды.
Ал жалпы аянты 9,2 гектарды түзүп, ичинде стадион, спорт комплекс, амфитеатр, балдар үчүн аянт, аттракциондор, жашыл зона, тротуар жана отургучтар болот.
Спорт комплекстин курулушу «Бай-Алим» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан башталып, ага жумшалуучу каражат республикалык бюджеттен каржыланат. Спорттук жай кийинки жылы күз айларында ишке берилет.




