Өзбекстандын медиа өкүлдөрү Баткен облусуна иш сапары менен келишти
Новость

Өзбекстан Республикасынын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Баткен облусуна иш сапары менен келишти.

Меймандарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов кабыл алды. Жолугушууда эки элдин ортосундагы достук алакаларды чыңдоо, чек ара аймактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана туризмди өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле маалымат мейкиндигиндеги кызматташууну арттыруу жана чектеш облустарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштар айтылды.

Айбек Шаменов меймандарга жакында курулушу баштала турган «Жаңы Баткен» экологиялык шаары тууралуу маалымат берип, долбоордун максаттарын жана өзгөчөлүктөрүн тааныштырды.

c212f743-17ac-46ea-baee-f6585f0c7b72.jfif 82.38 KB
Сапардын алкагында өзбекстандык журналисттер УТРК Баткен телеканалына жана «Баткен таңы» облустук гезитине барышып, жергиликтүү маалымат каражаттарынын иши жана шарттары менен жакындан таанышышты. Медиа өкүлдөр Баткендеги техникалык мүмкүнчүлүктөрдү, маалыматты ыкчам жана так жеткирүү боюнча тажрыйбаларды өзгөчө кызыгуу менен баалашты.

b2bd207a-e375-4770-8afc-cee2b35f0a19.jfif 83.9 KB
Андан тышкары, УТРК Баткен телеканалынын түз эфиринде кыргыз жана өзбек журналисттери маалымат аркылуу ынтымакты бекемдөө тууралуу маек өткөрүштү.

a5e01a0f-6d21-4339-8230-ec3ac8b14167.jfif 91.59 KB
Мындай жолугушуулар эки өлкөнүн медиа өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуусуна өбөлгө болуп, маалымат мейкиндигиндеги кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
Белгилей кетсек, буга чейин Баткендеги журналисттер Фергана облусуна иш сапар менен барышкан. 

Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгаруу боюнча макулдашууларынын негизинде ишке ашууда.