Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбан кызы Нурзат Нуртаева 72 килограмм салмакта дүйнө чемпиону болду.
Финалдык беттеште Нуртаева америкалык Жасмин Робинсондун үстүнөн 11:10 эсебинде жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.
Бул жыйынтык менен ал 23 жашка чейинки кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугун уткан экинчи кыргызстандык спортчу болуп саналат.