Аскер кызматкерлери үчүн бөлүнгөн азык-түлүктөрдү саткан прапорщик кармалды
Новость

Аскер кызматкерлери үчүн бөлүнгөн азык-түлүктөрдү өзүнө ыйгарып алып, андан ары базарга арзан баада мыйзамсыз сатып жүргөн прапорщик кармалды.

Маалыматка ылайык, ал аскер бөлүктөрүнүн биринин азык-түлүк кампасынын начальниги экени аныкталды. 

Аскер прокуратурасы тарабынан ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам аракеттердин жүрүшүндө, прапорщик системалуу түрдө колбаса, макарон, күрүч, туз, шекер, май жана башка продукцияларды өткөрүп, акча кылып жүргөнү аныкталды.

Жүргүзүлүп жаткан кылмыш ишинин алкагында прапорщик кезектеги мыйзамсыз сатуу учурунда кармалып, камакка алынды. Учурда бул кылмышка башка кызмат адамдарынын катыштыгы боюнча кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.