Кыргызстан ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешине 2025-2029-жылдар аралыгына мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. Учурда Өзбекстандын Самарканд шаарында ЮНЕСКОнун 43-сессиясы өтүп жатат.
Аткаруу кеңеши - Башкы конференциянын иштерин даярдоого, анын чечимдерин жүзөгө ашырууга, ошондой эле Уюмдун стратегиялык жана программалык багыттарын аныктоого жооп берген ЮНЕСКОнун негизги жетекчи органы. Ал төрт жылдык мөөнөткө шайланган 58 мүчө мамлекеттен турат.
Буга чейин Кыргызстан 2019-2023-жылдары бул органда иш алып барган. Мамлекеттин шайланышы анын ЮНЕСКОнун максаттары менен программаларын ишке ашырууга активдүү катышуусун, туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдырууга жана маданияттар аралык диалогду чыңдоого кошкон салымын, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку ишенимин чагылдырат.