Синтетикалык баңги заттарын саткан Индиянын 2 жараны кармалды
Новость

Ири өлчөмдөгү синтетикалык баңги заттарын таратуу жана сатуу менен алектенген чет өлкөлүк жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Тиешелүү кылмыш ишинин алкагында, алар социалдык тармакта катталган «Indianproduct» дүкөнү аркылуу баңгизат сатуу менен алектенип жүрүшкөндүгү аныкталган. 

Алар - Кыргызстандын аймагындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган Индиянын эки жараны. Кармалгандардын жашаган жерин тинтүү учурунда болжол менен 1 кг өлчөмүндөгү кара куурай чайыры «гашиш» жана психотроптук баңги заттары табылган. Учурда ташып келүүнүн жолдору, ташууга жана таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.