Көмүр, бензин жана азык-түлүктүн баалары дыкат көзөмөлдөнөт
Новость

Президенттин Администрациясында өлкөнүн өзгөчө экономика тармактарын жана калкты жеткиликтүү деңгээлде көмүр менен камсыздоо, ошондой эле көмүрдүн, күйүүчү-майлоочу майдын, азык-түлүктүн баасына дыкат көзөмөл жүргүзүү маселесин талкуулаган жыйын болду. 

Отурум Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, акимдердин, мэрлердин видео-конференц байланышы менен жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. 

Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылды. Негизинен көмүргө болгон баанын өсүшүнө жол бербөө, анын калк үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу талкууланды. Бакыт Төрөбаев райондук мамлекеттик администрацияларга, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына, укук коргоо органдарына көмүр базаларындагы бааны жана күйүүчү-майлоочу майдын баасын дыкат көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Ал эми Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасына жергиликтүү бийлик органдары жана көмүр кендери менен тыгыз кызматташуу, калкты көмүр менен жеткиликтүү баада, үзгүлтүксүз жана өз учурунда керектүү көлөмдө камсыздоо милдеттери коюлду. Аны менен катар, жалпы социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн бааларына көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.