Садыр Жапаров “Алтай” шаарчасына мезгил кутусун салуу иш-чарасына катышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, “Алтай” шаарчасына мезгил кутусун салуу иш-чарасына катышты. 

Мамлекет башчысынын сөзү: 

“Борбор шаарыбыздын урматтуу тургундары!

Ардактуу мекендештер!

Бүгүнкү иш-чаранын кадырлуу меймандары!

Азыркы учурда өлкөбүздө курулуш өнөр жайы өтө тездик менен өнүгүүдө. Акыркы жылдары курулуш тармагында бир кыйла өсүү байкалып, республиканын булуң-бурчунда жыл сайын, ай сайын жаңы имараттар салынып, аны менен кошо жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралууда. Бүгүнкү күндө курулуш тармагы өнүгүүнүн өзөгүнө, экономиканын кыймылдаткыч күчүнө айланды.

Эл аралык каржы уюмдарынын аналитиктери 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүшү 10,3%га чейин жетиши мүмкүндүгүн болжолдошууда. Мындай өсүшкө курулуш тармагынын активдүү өнүгүшү да себеп болууда.

Мамлекетибизде курулуш тармагындагы өсүштүн көрсөткүчү 30%дын үстүндө. Бул – жүздөгөн демилгелер, миңдеген жумуш орундары, миллиондогон элибиздин келечекке болгон илгери үмүттөрү деген сөз.

“Элибиздин жашоосу оңолсун, шаарыбыз өнүксүн, атуулдарыбыз узак жылдык күтүү менен эмес, өз убагында үйлүү болсо экен” деген аруу тилектерди ар бирибиз көкүрөгүбүздө жашатып келебиз.

Бир кезде биз: “Бишкек да башка өнүккөн шаарлардай болуп тикесинен өссө экен, жаңы конуштарыбыз капталына жайылбай, кабат-кабат үйлөр турса экен!” – деп кыялданчу элек. Эми ал кыялдар бүгүн – чыныгы жашообуздун босогосунда турат.

Мынакей бүгүн биз дал ошондой дагы бир кыялды ишке ашыруу үчүн – жаңы шаарчаны түптөө үчүн мезгил кутусун салуу иш-чарасында турабыз. Тагыраак айтканда, “Алтай” шаарчасын куруу долбоорун ишке ашырууга кадам таштап, келечек муундарыбызга каалоо-тилегибиз менен кайрылуу калтырып, шаарчанын пайдубалын түптөөгө старт беребиз.
 
Урматтуу замандаштар!

234 гектар аймакты камтыган бул шаарча — заманбап шаар куруунун үлгүсү болуп саналат. Бул жерде 1551 даана 5 кабаттуу турак үй, жалпы 34 миңден ашуун батир, анын ичинде 1, 2, 3 жана 4 бөлмөлүү батирлер курулат.

Жалпы курулуш аянты 1 млн 7 миң чарчы метрден ашат. Мунун баары – миңдеген үй-бүлөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул долбоор шаарыбызды көрктөндүрүүгө, тургундардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө жана экономикалык өнүгүүгө чоң салым кошот.

“Алтай” шаарчасы калкыбыздын турак жайга болгон муктаждыгын жоюу жана шаар инфратүзүмүн жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн иштелип чыкты. Бул жерде 5 орто мектеп, 6 бала бакча, 2 поликлиника, 50 гектар жерге сейил бак, спорт жана балдар аянтчалары, жашыл зоналар курулат.

Мындан тышкары, 85 км ички жол, 50 км тротуар, жана 30 миңден ашуун унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайлар – аймактагы элдин турмушунун ыңгайлуулугун шарттайт.

Курулуш толугу менен заманбап жана коопсуз технологиялар менен жүргүзүлөт, монолиттик темир-бетон каркас, энергия үнөмдөөчү фасаддар, LED жарыктандыруу, сапаттуу инженердик системалар жана өрт коопсуздугунун бардык талаптары камсыздалат. Шаарчадагы курулуштар 8–9 баллдык сейсмикалык аймак үчүн стандарттарга толук жооп берет.

Ошентип, борбор калааны, ошондой эле өлкөбүздүн бардык аймактарын өнүктүрүүгө, элибиздин бакубатчылыгы үчүн шарттарды түзүүгө белсенип, күч аракетибизди жумшап келебиз.

Өлкөбүздүн куттуу борбору Бишкек шаарын келечек муундарга өнүккөн шаар катары калтыралы деген илгери үмүт-тилек менен ушул шаарчанын курулушун түптөп жатабыз.

Өзүңүздөр байкагандай, бул комплекс чөлкөмдөгү эң ири курулуш долбоору болуп саналат. Буюрса, комплекстин курулушу бүтүп, эл көчүп келсе, жаңы дем, жаңы чөйрө, жаңы маданияттагы өзүнчө бир шаарчага айланары турган иш. 

Азыркы учурда 200 миңден ашуун жараныбыз турак жайга муктаж экенин эске алганыбызда, мындай ири долбоор – мезгилдин талабы! Биз калкыбыздын муктаждыгын канааттандырмайынча, элибиздин батасын алмайынча өнүгүүбүз кыйын. “Алтай” долбоору – дал ошол муктаждыкты канааттандырып, элдин батасына арзыйт деген бекем ишенимдемин.

 Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары!

Бүгүн мени бул долбоордун өзүбүздүн кыргызстандык инвесторлор тарабынан иштелип чыгып, ишке ашырылганы жатканы абдан кубандырууда. Ата Мекендик ишкерлерибиздин эмгегин өз элине арнап, өз жеринин гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошуп, келечек муундар жашай турган шаарчаны курууга белсенгени – атуулдук парздын бийик үлгүсү. 

Мындай эр-азаматтарыбызды колдоп, алардын демине дем кошуубуз керек. Мамлекет менен бизнес кол кармашып, бир максатты көздөө менен иштегенде гана өнүккөн мамлекет курулат.
 
Урматтуу мекендештер!

Дүйнө тездик менен өзгөрүп жатат. Өнүккөн өлкөлөрдүн өнүгүү темпинен артта калбоого аракет кылалы, алдыга умтулалы. Өлкөбүздү жаңы тепкичке чыгара турган “Алтай” сыяктуу ири долбоорлорду колдоп, сүрөөгө алалы.

Мына ушундай шаарчанын курулушуна мезгил кутусуна салуу менен биз кийинки муундарга жаркын келечек, жаңы турмуштун демин камдап жатабыз. Алар биздин ар бир аракетибизге баа берип, ыраазы болуп, кийинки муунга кам көргөндөрдү сыймык менен айта тургандай болсун.

Айкөл Манас атабыздын киндик каны тамган ыйык жердин атын көтөрүп, “Алтай” атанган шаарча ылайым бакубатчылыктын, ынтымактын очогу болсун!

Ата Мекендик ишкерлерибиздин аракети арта берсин, баштаган ар бир кадамы жемиштүү болсун!

Жараткан өзү жар болуп, баштаган ишибиз байсалдуу болсун!
 
Бар болуңуздар!”.

(Текст өзгөртүүсүз берилди)

WhatsApp Image 2025-11-20 at 18.22.17.jpeg 76.23 KB