Кыргызстандык балбан Абдумалик Карачов Сауд Арабиясында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында алтын медаль утуп алды.
Ал 57 кг салмак ченинде күч сынашып, мелдешти чейрек финалдан баштаган.
Жарым финалда Карачов Гвинея спортчусун болгону 48 секундда утуп, финалга чыккан.
Чечүүчү кармашта Абдумалик Карачов азербайжандык балбан Ислам Базарганов менен беттешип, 9:3 эсеби менен ишенимдүү жеңишке жетти.