Бакытбек Суюнбаев Талас облусунун Манас районунун акими болуп дайындалды
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Суюнбаев Бакытбек Сапарбаевич Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.