Билол Шарип уулу Сауд Аравияда коло байгенин ээси болду
Новость

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын мүчөсү Билол Шарип уулу Сауд Аравияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында коло байгенин ээси болду. Ал 65 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдан баштаган.

Алгач палестиналык балбан Абдулла Ассафты 10:0 эсебинде таза утуп, чейрек финалда тажикстандык Абдулмажид Кудиевге 6:2 эсебинде алдырып койгон.

Бирок, кийин көңүл жубатуучу беттешке чыгуу мүмкүнчүлүгүн алып, биринчи айлампада тунисдик Фарук Желассини 10:0 эсебинде жеңген.

Коло байге үчүн болгон чечүүчү таймашта бахрейндик Алибек Алибеговду дагы 10:0 эсебинде утуп, Кыргызстандын эсебине дагы бир медаль алып келди.