20-ноябрда Япониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарына катышкан Кыргызстандын сурдо дзюдо боюнча улуттук курама командасы кайтып келди.
Спортсмендерди “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын орун басары Каныбек Думанаев, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын өкүлдөрү жана спортсмендердин үй-бүлөсү, жакындары тосуп алышты.
Команда мүчөсү Байсалбек Орозали уулу аталган оюндарда коло медаль уткан. Ал 2017-жылдан бери спорт менен алектенип келет. Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өткөн бир катар чемпионат жана Олимпиадаларга катышып, эл аралык жана республикалык турнирлердин чемпиону жана байге ээси болуп эсептелет. Анын жеке машыктыруучусу - Ильгиз Каналбек уулу, ал эми алгачкы машыктыруучусу Бакыт Абдыкаримов.


