Бишкектеги Ош базарында кошумча арзандатылган эт сатуу пункту ачылды. Анда эттин баасы килограммына 660 сомдон ашпайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Шаар бийлиги Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен бирге борбордогу Аламүдүн жана Ош базарларында рейд өткөргөн. Ага Ветеринардык кызматтын, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органынын, ошондой эле Свердлов жана Ленин райондук акимчиликтеринин өкүлдөрү да катышкан.
Рейдде эттин баасына коюлган чектөөлөрдү так сактоо зарылдыгы түшүндүрүлүп, аны негизсиз көтөргөндөргө мыйзам чегинде чара колдонулары эскертилген.
Министрлер кабинети быйыл 11-августтан тарта азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу тартибин киргизген. Ага ылайык, 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилип, эттин бир килограммы 620-690 сомго чейин деп белгиленген.
11-ноябрда Экономика жана коммерция министрлиги эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтүн 2025-жылдын 31-декабрына чейин узарткан. Бул чечим эттин баасынын көтөрүлүшүнүн, алып-сатарлыктын алдын алуу, калк үчүн социалдык маанилүү өнүмдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынган.