Өлкө боюнча 720 көмүр кампасы иштеп жатат — өкмөт күз-кышка карата даярдыкты күчөттү
Новость

Учурда өлкө аймагында 720 көмүр саткан кампа иштеп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн жалпысынан 3 млн 174 миң тонна көмүр камдалышы керек. Бул көлөм мамлекеттик ишканаларга, социалдык объекттерге жана үй-бүлөлүк керектөөгө багытталган.

Бишкек ЖЭБине керектелүүчү көмүрдүн жалпы көлөмү 1 млн 400 миң тонна деп белгиленген. Учурда борбор калаанын жылуулук электр борборунда:
• 280 миң тонна көмүр,
• 4 млн 2 миң тонна мазут камдалганы айтылды.
Министрдин маалыматына караганда, Бишкек ЖЭБиндеги көмүр кору былтыркы жылга салыштырмалуу жогору. Ал 2024-жылдын ушул мезгилинде 242 миң тонна болгон.

Ошондой эле Ош шаарынын ЖЭБи үчүн зарыл болгон 23 миң тонна мазуттун 20 миң тоннасынан ашыгы азыркы күндө камсыздалды. Өкмөт жылуулук мезгилинде көмүр, мазут жана энергия ресурстары боюнча үзгүлтүк болбошу үчүн камдоо иштерин улантып жатат.