2026-жылы дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт
Новость

2026-жылдын апрель айында дарыгерлердин жана саламаттык сактоо тармагында иштеген бардык кызматкерлердин айлык маянасы 50%га көбөйөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Министрдин айтымында, айлыкты жогорулатуу чоң каржылык жүктөмдү талап кылганы менен, мамлекеттик кирешелердин өсүшү мындай чечимди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берди.

Азыркы орточо айлык – 23 миң сом, 2026-жылдын апрелинен кийин – 35–36 миң сомго чейин жетет.

Ошондой эле тажрыйбасы жогору жана аймактарда иштеген айрым дарыгерлердин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлөрү белгиленди.