Астанада Азиянын алдыңкы вокалисттеринин катышуусунда Silk Way Star сынагынын гранд-финалы өттү. Жеңүүчү — Монголиядан катышкан Мишель Джозеф болду. Сыйлыкты казакстандык ырчы Димаш Кудайберген тапшырды. Финалда ар бир катышуучу өзүнүн улуттук тилинде ырдап, Азиянын музыкалык жана маданий көп түрдүүлүгүн көрсөттү.
Сынактын жыйынтыгын аныктоодо калыстар тобу жана онлайн добуш берүү тең катышты: 50% баа кесипкөй эксперттер тарабынан, 50% — көрүүчүлөрдүн добушу менен берилип, эң мыкты катышуучу тандалды. Жеңүүчү Мишель Джозефтин чыгышы көпчүлүктүн кубаттоо жана колдоосуна ээ болуп, Азия өлкөлөрүнүн музыкалык таланттарын дүйнөгө таанытуу максатындагы долбоор катары белгиленди.
Silk Way Star — жөн гана музыкалык сынак эмес, Азия мамлекеттери ортосундагы маданий жана руханий байланыштарды бекемдөөчү долбоор болуп эсептелет. Долбоор Казакстандын Президентинин алдындагы Телерадиокомплекси жана Кытайдын China Media Group медиакорпорациясы менен биргеликте уюштурулган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан сынакка белгилүү ырчы Тамга катышкан.



