Милиция кызматкерлери ЖККУ жыйындарын өткөрүү мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт
Новость

Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жүрүшүндө Ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөп, коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздашмакчы.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ички иштер органдарынын өздүк курамы коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында тартылат.

Мындан тышкары, транспорттук басымды азайтуу максатында мектептер менен жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоого Бишкек жана Чүй гарнизонунун 4000ден ашык кызматкери тартылат.

ИИМдин басма сөз кызматы жарандарды мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого жана жол кыймылын жөнгө салууга катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын урматтап, түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.