Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун жаңы онлайн жолу ишке киргизилди
Новость

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбору айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун жаңы онлайн форматы ишке киргизилгенин билдирди.

Маалыматка караганда, мындан ары айдоочулук күбөлүктү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу алмаштырууга мүмкүн. Жаңы санариптик кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, мамлекеттик кызматтарды алуу процессин дагы да ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.

Онлайн арыз берилгенден кийин 2–3 күн ичинде жаңы айдоочулук күбөлүк даярдалат. Документти алуу учурунда эски айдоочулук күбөлүктү тапшыруу милдеттүү.