Куткаруучулар 110 метр тереңдиктен 4 кенчини аман-эсен алып чыгышты
Новость

ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 23-ноябрда Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы “Адахан” шахтасында уранды түшүп, ичиндеги адамдар сыртка чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат берилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын кызматкерлери 110 метр тереңдикте камалып калган төрт адамды аман-эсен куткарып чыгышкан.

Маалыматка караганда, куткаруучулар жер алдында калган Сүлүктү шаарынын тургундарына дем алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн түтүк аркылуу аба жеткирип турушкан. Күжүрмөн аракеттердин жүрүшүндө уранды тазаланып, кенчилерди сыртка чыгарууга жол ачылган. Куткаруу операциясы ийгиликтүү аяктап, кенчилер түнкү саат 23:05те жер үстүнө аман-эсен чыгарылган.