25–27-ноябрь күндөрү “Ош базары” жана “Сары-Өзөн” базарлары иштебейт
Новость

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрүүгө байланыштуу, 2025-жылдын 25–27-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында бир катар объектилердин иштөө тартибине жана транспорт кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, борбор калаанын борбордук көчөлөрүндө, ошондой эле расмий делегациялар өтө турган маршруттарда унаалар үчүн убактылуу чектөөлөр болот. 

Санитардык тазалоо иштери жүргүзүлгөндүктөн, аталган күндөрү “Ош базары” жана “Сары-Өзөн” базарлары иштебейт.