Ош облусунун Ноокат районундагы Герейт-Шорон мектебинин курулушу толук бүткөрүлүп, жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, наркы 74 миллион сомду түзгөн.
Башкы план боюнча мектеп 225 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпус жана спорт залдан турат. Мындан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстары каралган. Объекттин жалпы аянты 1705 чарчы метрди түзөт.
Курулуш-монтаждоо иштери заманбап талаптардын негизинде жүргүзүлүп, Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө аткарылган.






