Бүгүн, 24-ноябрда, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында шаарга жаңы техникаларды расмий тапшырды. Техникалар Президенттин туркташтыруу фондунун эсебинен сатылып алынган.
Белгилүү болгондой, фонддон бөлүнгөн 230 млн сом каражатка Нарын шаарына 34 даана атайын техникаларды сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Учурда анын ичинен төмөнкү 21 техника келип түштү:
• 11 автобус
• 5 таштанды чыгаруучу унаа
• 2 автокөтөргүч
• 1 суу ташуучу унаа
• 1 жүктөгүч трактор
• 1 экскаватор
Мындан тышкары, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан алынган дагы 2 техника Нарын суу канал ишканасына өткөрүлүп берилди.
Иш-чарада А.Касмалиев жаңы техникалар шаар элине узак жылдар кызмат кылып, жакшы натыйжа берерин тилеп, аларды үнөмдүү жана аяр мамиле менен пайдаланууга чакырды.
Министрлер Кабинетинин төрагасы облустагы сапарынын жүрүшүндө мындан тышкары “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктунун иши менен таанышып, “Торугарт” көмүр кесиминде болду.





