Бүгүн Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунда Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин катышуусунда айдоочулук күбөлүктү жеңил жана ыкчам алмаштыруу процессине арналган презентация болуп өттү.
Иш-чарада Каныбек Туманбаев: “Президентибиз койгон тапшырмалар буюрса акырындан аткарыла баштады. Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн эми кезек күтпөй эле онлайн, “Түндүк” тиркемеси аркылуу алсаңыз болот. Баары жеңил, ыкчам жана ыңгайлуу. Жалпы жонунан жалпы алмаштыруу процесси 1 мүнөттү гана талап кылат. Бара-бара заман талабына ылайык бардык тейлөө системалары онлайнга өтөт. Онлайн алмаштыруу үчүн 083-формадагы медициналык маалымкат алдын ала тиркемеге жүктөлүшү керек. Маалымкатсыз өтүнмө кабыл алынбайт. Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай эми айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер эч кандай адамдардын катышуусу жок өткөрүлөт. Ошондой эле жакында бериле турган жаңы айдоочулук күбөлүктөрүбүз заманбап коргоо технологиялары менен жабдылган жана эл аралык ISO стандарттарына толук ылайык келет. Документ 10 жылдык кызмат мөөнөтүнө ээ. Айдоочулук күбөлүк көп деңгээлдүү коргоо элементтери менен камсыздалган. Эми аны сырттан өз алдынча алмаштыруу же жасалмалоо мүмкүн эмес.”-деген пикирин билдирди.
Жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр лазердик гравировка жолу менен персоналдаштырылат жана ар бир карта өзгөчө коргоо деңгээлине ээ болуп, жасалма документтерден коргойт.
Дизайнга болгон автордук укуктар толугу менен Кыргыз Республикасынын карамагында. Ал эми материалдар менен технологиялар эл аралык стандарттарга ылайык сертификатталган.
Жаңы айдоочулук күбөлүк айдоочулар үчүн ишенимдүүлүктү, белгилүү мөөнөттүү пайдаланууну жана жогорку коргоону камсыз кылат.