Жекшенкулов: Путиндин мамлекеттик сапары кызматташтыкка жаңы дем берди
Новость

Россия президенти Владимир стратегиялык өнөктөштүкдүн Кыргызстанга мамлекеттик сапары кызматташууга жаңы дем берет.  Бул тууралуу мурдагы тышкы иштер министри, дипломат Аликбек Жекшенкулов УТРКга билдирди. 
Анын айтымында, бул сапар эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарып, экономика, коопсуздук, миграция жана билим берүү тармактарында олуттуу долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт.
“Жыл сайын эки өлкө ар бир тармакта биргелешкен ийгиликтерге жетишип, кызматташтыкты ого бетер бекемдеп, алдыга жылууда. Бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы жеке мамилелерди жакшыртат жана адамдарга пайда алып келе турган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат,” – деди дипломат Жекшенкулов.
Ошондой эле Жекшенкулов, мындан ары бир саясий гана эмес соода, логистика, бизнес жана инвестиция боюнча кызматташуу дагы да жанданат деп эсептейт.   
"Орус-кыргыз өнүгүү фондуна башында 500 млн доллар бөлүнөөрү айтылган. Азыр бул сумманы 1 млрд долларга чейин көбөйтүүгө даярбыз деп турушат — бул чоң көрсөткүч," - деп кошумчалады Аликбек Жекшенкулов.
Белгилей кетсек, Орус-кыргыз өнүгүү фондунун колдоосу менен Кыргызстанда 20дан ашык ири долбоор ишке кирген. Акыркы үч жылда мындай долбоорлордун саны 45ке жетип, дагы 82 өтүнмө жактырылган.
Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Бирок орус лидери эртең Бишкекте өтө турган ЖККУнун жыйынына катышат.